Тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер

Окууга тапшыруу үчүн документтердин тизмеси

Кыргыз  Республикасынын жарандары үчүн
  1. КММА ректорунун атына арыз;
  2. ЖРТ сертификатынын оригиналы ;
  3. Орто билими жөнүндө документ (аттестат);
  4. 2 сүрөт (4x6 см), 4 сүрөт (3x4 см);
  5. Электрондук форматта сүрөт;
  6. 086-У Медициналык справка;
  7. Аскердик билет, же катоо күбөлүгү;
  8. Документтери кабыл алынгандыгы тууралуу дүмүрчөк;
  9. Паспорт копиясы, же өздүгүн аныктаган күбөлүк;
  10. Контракт формасына окуу үчүн келишим
  11. Максаттуу түрдө кабыл алуу үчүн үч тараптуу келишим
  12. Грант негизинде кабыл алуу үчүн келишим

Документтерди кабыл алуу учун (абитуриентами папкасы)

Жакынкы чет элдик жарандар үчүн
  1. КММА ректорунун атына арыз;
  2. Орто билими жөнүндө документ (аттестат);
  3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинен жалпы орто билимдин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк (Россия, Беларусь, Тажикстан, Казакстан жарандарынан тышкары);
  4. 2 сүрөт (4x6 см), 4 сүрөт (3x4 см);
  5. Электрондук форматта сүрөт;
  6. Паспорт копиясы, же өздүгүн аныктаган күбөлүк;
  7. Документтери кабыл алынгандыгы тууралуу дүмүрчөк;
  8. 086-У медициналык маалым кат;
  9. Аскердик билет, же катоо күбөлүгү;
  10. Жашаган жеринен маалым кат;
  11. Медициналык камсыздандыруу полиси (12 айга) (Бишкек шаары, Медеров көчөсү 42, 2 кабат, 203 бөлмө). Биздин окуу жайга конкурс боюнча өткөндөн кийин алынат;

Бюджеттен тышкаркы (контракттык) негизде адисти даярдоо жөнүндө келишим

Документтерди тапшыруу үчүн төлөм

Алыскы чет элдик жарандар үчүн
  • КММА ректорунун атына арыз;
  • КРнын мыйзамдарына ылайык келген чыгуу визасы менен паспорт жана анын копиясы;
  • Окутулган предметтерин жана бааларын (баллдарын) көрсөткөн толук орто билими жөнүндө документтин оригиналы жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн копиясы;
  • Толук орто билими жөнүндө документтин КРнын расмий тилинде нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;  
  • же дипломдон кийинки билим алууга тапшыруу үчүн жогорку медициналык билими жөнүндө диплому;
  • NEET улуттук тесттен өткөн жыйынтыгы (Индия жарандары үчүн)
  • Толук орто билиминин эквиваленттүүлүгү жөнүндө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен маалымат кат;
  • 6 сүрөт 4 x 6 см;
  • АИВ (ВИЧ), В,С, Д гепатитин, малярия изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы;
  • Документтери кабыл алынгандыгы тууралуу дүмүрчөк;
  • Чет өлкөлүк медициналык ЖОЖдорго чет элдик жарандардын тапшыруусу үчүн чыгарылган өлкөнүн талабы боюнча керектүү башка документтер; (мисалы, Индия медициналык кеңешинен чет өлкөдө билим алуу макулдугу жөнүндө маалымат кат);