Билим берүү
21 Июль 2025
2025-жылдын 18-июлу И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы имаратында “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” (ЖБСИ) долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашып жаткан Академиялык инновациялык фонддун (АИФ) гранттык конкурсу боюнча маалымат жыйыны болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулуп, катышуучуларга жалпы көлөмү 200 000 АКШ долларын түзгөн гранттык программа сунушталды. Бул программа жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана инновацияларды жайылтуу максатын көздөйт.
Маалымат жыйынына КММАнын эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору Гүлмира Жумалиева жана дарылоо иштери жана илим боюнча проректор Ниязбек Маматов катышып, жогорку окуу жайдын жетекчилиги бул долбоорго өзгөчө маани берип жатканы белгилүү болду.

Иш-чарага төмөнкү кафедралардын өкүлдөрү катышты:
• Неврология кафедрасы (ординаторлор),
• Онкология кафедрасы,
• Жалпы гигиена кафедрасы,
• КНУнун гигиеналык дисциплиналар кафедрасы,
• КНАУ,
• Проф. Э.С. Матиев атындагы дары каражаттарын технологиялоо жана фармацияны башкаруу кафедрасы,
• Ошондой эле КГТУ жана башка өнөктөш ЖОЖдордон келген кесиптештер.

Жыйындын жүрүшүндө конкурска катышуу шарттары, долбоорлорду даярдоо талаптары, тандоо критерийлери жана ишке ашыруу этаптары кеңири түшүндүрүлдү. Катышуучулар министрлик өкүлдөрүнө суроолорун берип, керектүү маалыматтарды алышты.
Маалымат жыйынына активдүү катышкан бардык кесиптештерге ыраазычылык билдиребиз!
Долбоордук сунуштарды даярдоодо ийгиликтерди каалайбыз!
