АКАДЕМИЯЛЫК ИННОВАЦИЯЛЫК ФОНДУНУН (АИФ) ГРАНТТАРЫНА КОНКУРСТУ ЖАРЫЯЛАЙТ
15 Июль 2025
АКАДЕМИЯЛЫК ИННОВАЦИЯЛЫК ФОНДУНУН (АИФ) ГРАНТТАРЫНА КОНКУРСТУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

АКАДЕМИЯЛЫК ИННОВАЦИЯЛЫК ФОНДУНУН (АИФ) ГРАНТТАРЫНА КОНКУРСТУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Инновациялык, академиялык жана изилдөөчү долбоорлорду каржылоо максатында, ар кандай дисциплиналар боюнча жогорку окуу жайлардын изилдөөчүлүк потенциалын жогорулатууга багытталган жана университеттер аралык кызматташууну, экономика тармагы менен алаканы бекемдөө үчүн «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фонддун (АИФ) гранттарын берүү боюнча биринчи айлампадагы конкурсу жарыяланып жатат.

ЖББСИ долбоору Кыргыз Республикасында (КР) изилдөөлөрдү жана инновацияларды өнүктүрүү аркылуу жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Долбоор өзгөчө статуска ээ болгон беш университеттердин базасында Инновациялар жана изилдөөлөр борборлорун (ИИБ) түзүү, экономиканын артыкчылыктуу тармактарында университеттер аралык изилдөөлөрдү колдоо, ошондой эле сапат системасы менен жогорку окуу жайлардын аккредитациясын жакшыртуу демилгелердин колдойт.

Академиялык инновациялык фонддун максаты – изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана академиялык өнүгүүгө грант берүү аркылуу шарт түзүү аркылуу менчигинин формасына жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан, жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен изилдөөчүлөрүнүн инновацияларды өнүктүрүүсүнө жана илимий-билим берүү потенциалын жогорулаттуга көмөктөшүү.

  • Гранттын максималдуу суммасы: 200 000 АКШ доллары чейин
  • Долбоордун максималдуу узактыгы: 36 айга чейин
  • Болтурбоочу чыгымдар: курулуш, эмгек акы, стипендиялар, транспорт каражаттары.

 

Гранттык өтунмөлөргө коюлган негизги талаптар:

- 2025-жылдын 5-июнундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №178 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында көрсөтүлгөн, өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына шайкеш келүүсү;

- изилдөө долбоорун ишке ашыруу планынын жана/же билим берүү программасын академиялык өнүктүрүү чараларынын так сүрөттөлүшү;

- реалдуу суроо-талапка негизделген учурдагы академиялык программаларды модернизациялоо же жаңыларын түзүү (окутуунун толук цикли жана / же кыска мөөнөттүү курстар);

- окутууга маалыматтык-коммуникациялык жана санариптик технологияларды интеграциялоо, тармактар аралык ыкмаларды колдонуу.

 

АИФ гранттык колдоосунан күтүлүүчү жыйынтыктар (ар бир долбоорго тиешелүү өзгөчө көрсөткүчтөрдөн тышкары):

  1. Долбоордун жетишкендиктерин чагылдырган изилдөө продуктусун даярдоо же жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын көрсөтүү.
  2. Жаңы академиялык программаны иштеп чыгып же модернизациялап лицензия алуу (жаңы программа түзүлгөндө) же тиешелүү талаптарга ылайык аккредитациядан өтүү.
  3. Академиялык билимди өнүктүрүүгө көмөктөшкөн, тиешелүү изилдөө багыттары боюнча илимий макалаларды даярдоо жана публикациялоо.
  4. Расмий ырасталган кызматташтык жөнүндө Меморандумдардын түзүлүшү менен башка жогорку окуу жайлар, ишканалар жана кызыктар тараптар менен жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү жана кызматташтыкты орнотуу.

 

КИМДЕР ӨТҮНМӨ БЕРИШИ МҮМКҮН:

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке университеттеринин бардык дисциплиналар боюнча иштеп жаткан окутуучулар жана изилдөөчүлөр;
  • Бирдей упай алынган учурда артыкчылык төмөнкүдөй өтүнмөлөргө берилет: аялдар жетектеген долбоорлорго, студент кыздарды камтыган, социалдык жактан аярлуу топтордун өкүлдөрүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тарткан долбоорлорго.

 

ӨТҮНМӨ ТАПШЫРУУ ТАРТИБИ

 

1-ЭТАП: Долбоор идеясынын кыскача концептин тапшыруу

Тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 14-августу, саат 24:00гө чейин

Долбоор идеясынын кыскача сүрөттөмөсүн берүү үчүн өтүнмө формасы АИФ гранттык программасын ишке ашыруу боюнча Колдонмонун 1-тиркемесинде берилген. Бул документти Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтынан жүктөөгө болот: https://minnauka.gov.kg/?page_id=2387

 

Гранттык программа боюнча маалыматтык жолугушуулар бардык каалоочу окутуучулар, изилдөөчүлөр, студенттер жана магистранттар үчүн өткөрүлөт:

16 июль, саат 11.00 - И. Раззаков атындагы КМТУ, чон залында (адрес: Бишкек ш., Айтматов к., 66)

18 июль, саат 11.00 - И.К. Ахунбаев атындагы КММА, №1 конференц зал, 2 этаж (Бишкек ш., Ахунбаев к., 95 А.)

22 июль, саат 11.00 - Ж.Баласагын атындагы КУУ, чон залында (Бишкек ш., Фрунзе к., 547)

Өтүнмө тапшыруу жана тандоо процесси тууралуу түшүндүрүү, долбоор идеясынын кыскача сүрөттөмөсүн даярдоого сунуштарды берүү, ошондой эле гранттык долбоорлорго карата экологиялык жана социалдык талаптар жөнүндө маалымат берүү.максаты менен багыт берүүчү семинарлар (оффлайн жана онлайн түрүндө) 28-июль, 1-август жана 7-августта (так убактысы жана дареги кийинчерээк жарыяланат) өткөрүлөт.

Катышуу үчүн 25-июлдун аягына чейин алдын ала катталып aifgrant2025@gmail.com дарегине кат жөнөтүү керек (катта семинардын датасын, аты-жөнүңүздү, окуу жайыңызды жана чакыруу жөнөтүлө турган электрондук почта дарегиңизди көрсөтүңүз).

 

Тапшырылган өтүнмөлөр (долбоордун кыскача идеясы) талаптарга шайкештиги боюнча бааланат жана шайкеш келген талапкерлер экинчи этапка катышууга чакырылат.

 

2-ЭТАП: Долбоордун деталдык сунушун даярдоо жана тапшыруу

Тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 23-октябры, саат 24:00гө чейин

Деталдык долбоордук сунушунун формасы АИФ гранттык программасын ишке ашыруу боюнча Колдонмонун 2-тиркемесинде берилген. Бул документти Кыргыз Республикасынын Илми, билим берүү жана инновациялар министрлигинин расмий сайтынан жүктөөгө болот:

https://minnauka.gov.kg/?page_id=2387

 

Кыскача долбоор идеялары тандалып алынган талапкерлер үчүн АИФ Секретариаты гранттык өтүнмө формасын толтурууда жана деталдуу долбоордук сунушту даярдоодо көмөк көрсөтүү максатында бир катар семинарларды уюштурат.

Ошондой эле, маалымат Изилдөөлөр жана инновациялар борборлору (ИИБ) түзүлгөн жогорку окуу жайларынын сайттарында жеткиликтүү болот:

Өтүнмө тапшыруу жана консультация алуу үчүн контакттар:

Электрондук почта: aifgrant2025@gmail.com 

Иш телефону: +996 312 317 016

Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өз салымыңызды кошуп, инновациялык идеяларыңызды ишке ашырууга болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!